Грецияда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн карыя 8 мүнөттөн кийин көз жумду

Грециядагы Ираклион университетинин ооруканасында 85 жаштагы карыя коронавируска каршы эмделгенден 8 мүнөттөн кийин көз жумду. Бул тууралуу «Neakriti.gr» басылмасы жазып чыкты.

Эмдөө бүткөндөн кийин карыя күтүү бөлмөсүндө отурган, ошол учурда күтүлбөгөн жерден өзүн жаман сезип баштаган. Дарыгерлер ага жүрөк-өпкө реанимациясын жүргүзүп, реанимацияга которууну көздөшкөн. Бирок пенсионер ага чейин эле көз жумган.

Алдын ала маалыматтар боюнча өлүм эмдөө же аллергиялык анафилактикалык шок менен байланышкан эмес. Дарыгерлер күтүлбөгөн өлүм эмдөө учуруна туш келди деп эсептешет.

Бирок баары бир өлүмүдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.

Грецияда учурда калкты эмдөө үчүн «Pfizer» жана «BionTech» компаниялары тарабынан иштелип чыккан вакцина колдонулуп жатат.