Грецияда рэпер клибинин акчасын төлөй албай, 10 банкоматты тоногон

Грецияда аты-жөнү сыр бойдон калган рэп аткаруучу банкоматтарды тоногон. Бул аракетинин себебин ал клибинин акчасын бериши керек болгону менен түшүндүргөн. 

Укук коргоо кызматкерлери банкоматтарды тоноого жардыргыч зат колдонгон деп айыпталган адамды кармашкан. Ал кылмышты жанындагы 2 шериги менен кылган. Алар Грециянын ар кайсы аймагындагы 10 банкоматты тоноп, 710 миң евро уурдашкан. Алар бул акчага клип тартып же казиного барышкан.

Полиция алардын жашаган жерин тинтүү кылганда жардыруучу заттар жана 200 миң евро табышты.