Грециянын Эвбея аралынын түштүгүндөгү токойдо өрттү өчүрүүгө катышкан Canadair авиакомпаниясынын учагы кыйрады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.
Маалыматка караганда, учакта эки учкуч болгон. CL-215 учак Платанистос айылында өрттү өчүрүү учурунда кулап түшкөн. Учкучтар байланышка чыкпай калган. Алардын каза болгону да айтылды.
Греция бир нече күндөн бери токой өрттөрү менен күрөшүп жатат. 23-июлда Родос аралында 64 өрт чыгып, аралдан 30 миңден ашуун адам, анын ичинде туристтер эвакуацияланган. Буга ысык аба ырайы себеп болгон. <