Грецияда токойдогу өрттү өчүрүүгө барган учак кулап, учкучтар каза болду (видео)

Грециянын Эвбея аралынын түштүгүндөгү токойдо өрттү өчүрүүгө катышкан Canadair авиакомпаниясынын учагы кыйрады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды. 

Маалыматка караганда, учакта эки учкуч болгон. CL-215 учак Платанистос айылында өрттү өчүрүү учурунда кулап түшкөн. Учкучтар байланышка чыкпай калган. Алардын каза болгону да айтылды.

Греция бир нече күндөн бери токой өрттөрү менен күрөшүп жатат. 23-июлда Родос аралында 64 өрт чыгып, аралдан 30 миңден ашуун адам, анын ичинде туристтер эвакуацияланган. Буга ысык аба ырайы себеп болгон. <