Грециялык стилист коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын алгандан кийин көз жумду

40 жаштагы грециялык стилист Насос Катрис коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасы менен эмделгенден кийин каза болду. Бул тууралуу чет элдик «Нафтемпорики» басылмасы жазып чыкты.

Катрис 10-июнда жансыз абалда өзүнүн Афины шаарындагы үйүнөн табылган. Ал бир сутка бою телефон чалууларга жооп берген эмес. Маалымат боюнча, стилист ушул жуманын башында коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасы менен эмделген.