Грециянын жээгинде кеме оодарылып кетип, 70тен ашуун мигрант каза болду

14-июнга караган түнү Грециянын жээгинде кеме оодарылып кетип, 70тен ашуун түндүк африкалык мигрант каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Кеме 10-июнда Ливиядан Италияга багыт алып чыккан, бирок Пилос шаарынан жакын жерде оодарылып кеткен. Кырсыктын келип чыгышына кемеге өтө көп адам түшүп алгандыгы себеп болушу ыктымал. Анда 700дөй адам болгон. Оодарылып калгандан кийин 104 киши куткарылган, дайынсыз жоголгондордун так саны эсептелип бүтө элек.