Грециянын жээгинде кеменин оодарылышы. Чөгүп каза болгондордун саны 500гө жетиши мүмкүн

14-июнга караган түнү Грециянын жээгинде кеме оодарылып кетип, бул кырсыкта чөгүп каза болгондордун саны 500 кишини түзүшү ыктымал. Аталган өлкөдө үч күнгө аза күтүү жарыяланды.

Өтө көп адам түшүп алган балык уулоочу траулердин кыймылдаткычы бузулуп калып, кийин ал оодарылып, 10-15 мүнөттүн ичинде чөгүп кеткен. 104 киши куткарылган, издөө иштери улантылып жатат. Маалыматтарга караганда, куткарылгандардын көбү эркек кишилер, кырсыкка күбө болгондор кемеде аялдар жана балдар көп болгондугун жана баш-аягы 750дөй адам болгондугун айтышкан.

Жээкти кайтаруучу сакчылар кырсыктан кийин 78 кишинин сөөгүн табышты.