Григорий Лепс 18 жаштагы сүйүктүүсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

62 жаштагы орусиялык ырчы Григорий Лепс сүйүктүүсү 18 жаштагы Аврора Киба менен Түркияда эс алып жүргөндөгү сүрөтү менен бөлүштү.

«Бизде баары жакшы, эс алып жатабыз! Сизге да ошону каалайбыз!”- деп жазган Лепс сүрөттүн алдына.

Ырчы биринчи жолу Петербург эл аралык экономикалык форумунда 18 жаштагы сүйүктүүсү менен эл алдына чыккан. Кийинчерээк Аврора Киба өзүнүн жеке блогунда Григорий Лепстин белегин – бриллиант шакекти жарыялаган.