Грузияда «Чет элдик өкүл» мыйзамы каралып жатканда мушташ чыкты (видео)

Грузиянын парламентинде «Чет элдик өкүл» боюнча мыйзам каралып жатканда мушташ чыкты. 

Пленардык жыйындын жүрүшүндө оппозициялык партиянын лидери Алеко Елисашвили парламенттик көпчүлүктүн лидери Мамука Мдинарадзеге кол көтөргөн.

Чуулгандуу мыйзам боюнча өлкөдө нааразычылыктар болуп жаткан. Евробиримдиктин Грузиядагы элчиси «чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам долбоору өлкө кошулууну көздөгөн Евробиримдиктин баалуулуктарына туура келбейт деп билдирди.