Грузиянын парламентинде депутаттар мушташып кетишти (видео)

Грузияда чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда депутаттар мушташа кеткенин «Грузия онлайн» жазды. 

Окуя чет элдик агенттер боюнча эки талаштуу мыйзам долбоорлору каралып жаткан парламенттин юридикалык комитетинин отурумунда болгон. Жыйындын жүрүшүндө комитеттин төрагасы Анри Оханашвили менен оппозициялык депутаттардын ортосунда оозеки айтышуу болгон. Оханашвили «Стратегия Агмашенебели» партиясынын лидери Георгий Вашадзеге кайрылып, «Силердин мекениңер жок, кимдин кызыкчылыгына кызмат кыласыңар? Силерде мамлекеттүүлүк деген сезим жок» деген. Мындан кийин Вашадзе баш болгон бир нече депутаттар жыйындар залынан чыгарылды.