Грузиянын президенти нааразычылык акциясын уюштурууга чакырды

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өлкөдө өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, нааразылык акцияларына чыгууга чакырды.

Мамлекет башчысы бүгүн, 28-октябрда өлкөнүн парламентинин имаратынын алдына чыгууга чакырды. «Бул шайлоону таануу мүмкүн эмес»,- деди ал. 

Эске салсак, шайлоодо бийликте турган “Грузинская мечта” партиясы алдыга озуп чыккан.