Хабаровск аймагында жоголгон Ан-26 учагындагы адамдардын бардыгы көз жумду

Куткаруучулар Хабаровск аймагында Ан-26 учагы кулаган жерден сөөктөрдү табышты. Бул тууралуу ТАСС Тез жардам кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

«Каза болгондордун сөөктөрү учак кулаган жерден табылган. Тирүү калгандары жок», — деп айтылат маалыматта. Учурда жеринде тиешелүү кызматкерлер иш алып барышууда. 

Буга чейин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ми-8 тик учагы Хабаровск аймагында жоголгон Ан-26 учагын кечээ, 22-сентябрда абадан көргөнү маалым болгон. Учак кечээ Хабаровскиден 40 чакырымдай алыстыкта радардан жоголуп, байланышын токтоткон. Учактын ичинде 6 адам болгон.