Хабаровск аймагында жоголгон Ан-26 учагынын калдыктары табылды (видео)

VLADIVOSTOK, RUSSIA - OCTOBER 13, 2017: An Antonov An-26 plane operated by the Lyotnye Proverki i Sistemy [Flight Inspections and Systems] search and rescue company flying over Vladivostok International Airport. Yuri Smityuk/TASS Ðîññèÿ. Âëàäèâîñòîê. 13 îêòÿáðÿ 2017. Ñàìîëåò Àí-26 àâèàêîìïàíèè ÇÀÎ "Ëåòíûå ïðîâåðêè è ñèñòåìû" â íåáå íàä àýðîïîðòîì ãîðîäà. Þðèé Ñìèòþê/ÒÀÑÑ

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ми-8 тик учагы Хабаровск аймагында жоголгон Ан-26 учагын кечээ, 22-сентябрда абадан көргөнүн Интерфакс агенттиги жазып чыкты. 

«Учак Корфовский айылынын жанындагы дөбөнүн жогору жагынан табылган», — деп айтылат маалыматта. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учак кулап түшкөн. «Азыр ал жерге куткаруучуларды жөнөтүү маселеси чечилип жатат. Балким, ал жерге абадан парашют менен секирүүгө мүмкүн болот. Бирок бул жерге жетүү кыйын, тик учак коно турган тегиз жер жок», — деп айтылат ӨКМ берген маалыматта. 

Эске салсак, кечээ, 22-сентябрда учак Хабаровскиден 40 чакырымдай алыстыкта радардан жоголуп, байланышын токтоткон. Учактын ичинде 6 адам болгон.