Хагги Вагги оюнчуктары Орусияда сатыктан алына баштады

Poppy Playtime хоррор-оюнунун мотиви боюнча жасалган Хагги Вагги (Huggy Wuggy) оюнчуктары Орусияда сатыктан алына баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Роскачество уюмунун текшерүүсүндө оюнчуктарда уулуу заттар табылган. Тагыраагы изилденген үлгүлөрдүн 89 пайызынын курамында фенол нормадан жогору экендиги аныкталган. Бул балдарда аллергия пайда болушуна алып келиши ыктымал.