Хакасияда сүйлөшкөн кызынын ата-энесин, эгизин жана кызын өлтүргөн делген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Хакасия Республикасында беш адамдын өлүмүнө айыпталган жергиликтүү тургундун чуулуу иши боюнча сот өкүмү чыкты. Сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан.

Кылмыш былтыр 5-августта эртең менен Ширин районунун Жирим айылында болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, сүйлөшкөн кызы мамилесин токтоторун билдирген соң, өч алгысы келип, үйүнө барып, анын 8 жаштагы кызын, 19 жаштагы инисин, апасын, атасын жана анын эгиз инисин бычактап салган.

Кылмышка шектүү кармалып, сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алып, анын жүйөлөрүн айткан. Ал мурдагы сүйлөшкөн кызынын жакындарын өлтүрүү менен ага моралдык зыян келтиргиси келген. Шектүү бул кылмышка чейин эки аялды өлтүргөнү үчүн соттолуп, 18 жыл түрмөдө отурган. Абактан чыккандан бир ай өтпөй жогорудагы кылмыш катталган.