Ханбийке Диананын арбагыбы? Карл IIIтүн таажы кийүү аземинде түшүнүксүз көрүнүш талкууга түштү

Кечээ, 6-майда Карл IIIтүн таажы кийүү аземинде чалгыга окшогон нерсени көтөрүп, капюшон кийген кара фигура көрүнгөн. Ал кадрлар соцтармакка тарап, видео учурда миллиондон ашуун кароолорду жаратып жатат. Азырынча анын чынында ким экендиги тууралуу түшүндүрмө бериле элек.

Daily Mail жазгандай, соцтармактын бир топ колдонуучулары чалгы көтөргөн ажал келди деп жазышса, айрымдары анын ханбийке Диананын арбагы экенин айтышууда. Ал Карл IIIтүн биринчи жубайы болгону маалым.