Ханбийке Диананын каттары аукционго коюлат (сүрөт)

Lay’s Auction веб-сайтында ханбийке Диананын 1995-1996-жылдар аралыгында досторуна жиберген 32 каты жайгаштырылган. 

Каттар жубайлар Тарек жана Сьюзи Кассемге жазылган. Анда Диана мынчалык кунарсыз болорун билгенде ажырашпай турганын, анын аркасынан аңдуулар болуп жатканын жазган. Жубайлар бул каттарды 25 жыл сактаган. Аукцион 16-февралда өтөт.

Каттар 90 000 фунт (9 миллиондон ашык сом) стерлингге сатылат деп күтүлүүдө. Жубайлардын айтымында, алар башка адамдарга ханбийкенин эстелигинин ээси болуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү каалашат. Маалым болгондой, алар түшкөн каражаттын баарын ханбийке камкордукка алган кайрымдуулук уюмдарына жөнөтүүнү пландап жатышат.