Ханзаада Филипптин сөөгү жерге берилди. Сүрөт

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин күйөөсү, ханзаада Филипп Виндзор сепилиндеги Георгий чиркөөсүндө жерге берилди. Эдинбург герцогу 9-апрелде 99 жашында көз жумган.

Жерге берүү зыйнатына жүздөгөн аскерлер жана падышанын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Анын табытын чиркөөгө чейин атайын модификацияланган Land Rover Defender автоунаасы менен алып барышкан (унаанын кузовунун жасалгасына ханзаада Филипп катышкан). 

Табыттын артынан падышанын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү — балдары жана неберелери басышты. Ханыша Елизавета II чиркөөгө өзүнчө келген. Маркумду акыркы сапарга узатуу унаалары өтүүчү жолдо Падышачылык деңиз флотунун, Королдук деңиз аскерлеринин, Шотландиянын Королдук гвардиялык полкунун жана Королдук Аба күчтөрүнүн өкүлдөрү тизилип турушту.