Ханзаада Гарри аскердик кызмат учурунда канча адам өлтүргөнүн ачыктады

Ханзаада Гарринин өзүнүн автобиографиялык китебинде бөлүшкөн ачык маалыматтары коомчулукту таң калтырууда. Ал Ооганстанда кызмат өтөп жүрүп 25 адамды өлтүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Падышанын кичүү уулу 10 жыл армияда болуп, эки мөөнөт Ооганстанда кызмат өтөгөн. Маалымат сенсациялуу болду, анткени ханзаада буга чейин жеке өзү тарабынан жок кылынган козголоңчулардын санын эч качан айткан эмес.

«Мен душмандын канча жоокерин өлтүргөнүмдү так айта алам… Менин саным 25», — деп цитата келтирет басылма.