Ханзаадалар Уильям менен Гарри эки жылдан бери биринчи жолу эл көзүнө чогуу чыгышты

Ханзаадалар Уильям менен Гарри жубайлары Кейт Миддлтон жана Меган Маркл менен эки жылдан бери биринчи жолу эл көзүнө чогуу чыгышты. Алар ханыша Елизавета IIнин каза болгонуна байланыштуу Виндзор сепилине көңүл айтып келгендерге ыраазычылык билдиришти.

Ага-ини жубайлары менен чогуу акыркы жолу 2020-жылдын 9-мартында эл көзүндө болушкан.