Харьковдун борбордук аянтында жарылуу болду (видео)

Украиналык басылмалар Харьковдун борбордук аянтында облустук администрациянын имаратына жакын жерде катуу жарылуу болгонун жазышты. «UNIAN» агенттиги видеону жарыялап, жарылуунун кесепеттерин көрсөткөн сүрөттөр да социалдык тармактарда пайда болду. 

Өзгөчө кырдалдар кызматы жарылуудан алты адам жабыркаганын, алардын бирөө бала экенин билдиришти. Украиналык бийлик орусиялык ракеталар менен жардыруу болгонун айтышты. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу тастыктаган жок. 

Окуя боюнча президент Владимир Зеленский комментарий берди. «Харьковдун борбордук аянтына ракета атуу — бул ачык террор», — деди ал.