«Хатайдагы зилзаладан жер жарылып кеткен» деген видео тарап жатат

Түркиядагы коркунучтуу жер титирөөдөн кийин пайда болгон Хатайдагы жер кыртышынын жарылып кеткендеги видеолор жарыяланды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

«Жер титирөө зайтун багын бир нече бөлүккө бөлүп салган. Маалым болгондой, тектоникалык жараканын тереңдиги 30 метрге жакын, туурасы 200 метрди түзөт. Жараканын узундугу болжол менен 200 чакырымды түзөт», — деп айтылат маалыматта. 

Бирок социалдык тармактын колдонуучулары бул эски видео экенин, видео Түркияда тартылбаганын да жазышууда. Расмий маалымат азырынча таратыла элек.