Хэллоуин майрамында Түштүк Кореяда тыгындан 146 адам каза болду

Хэллоуин майрамында Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында тыгындан 146 адам каза болуп, 150 киши жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

30-октябрга караган түнү Сеулдун Итэвон районунда жайгашкан «Хемильтон» мейманканасынын жанында Хэллоуин майрамы белгиленип, анда массалык тыгын жаралган. Бийлик тарабынан тыгындын себептери тууралуу айтыша элек.

Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчилиги Итэвон районундагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу жардамга муктаж болгон Кыргыз жарандарына дароо элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылууну суранат. Байланышуу үчүн номер: 010-6891-2707.