Дүйнөдөгү эң бай кишилердин бири байлыгын багбанына калтырганы жатат. Ал үчүн 51 жашка келген адамды асырап алууга туура келет

Hermes мода үйүнүн кожоюну байлыгын жөнөкөй марокколук үй-бүлөдөн чыккан 51 жаштагы багбанга мураска калтырууну чечти. Бул үчүн миллиардер аны багып алышы керек. 

Николя Пюэш — Hermes’тин негиздөөчүсүнүн урпактарынын бири жана мода үйүнүн акционери. Ал болжол менен 9-10 миллиард еврого бааланган байлыгын өткөрүп берүү үчүн үй кызматчысын багып алууну каалайт.

Мураска ээ болуучу адамдын аты-жөнү белгисиз. Ал «жөнөкөй марокколук үй-бүлөдөн чыккан мурдагы жумушчу жана багбан» деп айтылат. Ал 51 жашта. Испаниялык аялга үйлөнгөн, эки баласы бар.

80 жаштагы Николя Пюэш үйлөнгөн эмес, балдары да жок. Ал Hermes’тин 5,7 пайыз акциясына ээ жана компаниянын эң ири жеке акционери. Ал өз кызматкерине мурасты өткөрүп берүү үчүн юристтер тобун жалдаган. Бойго жеткен адамды багып алуу процедурасы татаал жана Швейцарияда сейрек колдонулат, бирок мүмкүн деп белгилейт La Tribune de Geneve. Эгер ийгиликтүү болсо, багбан миллиардердин байлыгынын жок дегенде жарымын алат.