Хиджабдын айынан каза болгон 22 жаштагы Амини. Иранда аялдар чачын кыркып, хиджабды өрттөп жатышат

Иранда полиция тарабынан хиджабды туура эмес кийгени үчүн кармалган 22 жаштагы студент Махса Аминин өлүмүнөн кийин нааразылык акцияларынын бешинчи түн уланды. Буга нааразылык иретинде өлкө боюнча аялдар хиджабды өрттөп, чачын кыркып жатышат.

IRNA маалымат агенттигинин маалыматына караганда, полиция миңге жакын кишини таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Түштүктөгү Шираз шаарында катуу кагылышууда бир полиция каза болуп, төртөө жарадар болгону айтылды. 

Демонстрация жума күнү бийлик Амини полиция тарабынан камакка алынгандан кийин каза болгонун жарыялагандан кийин башталган. Амини аялдардын чачын хиджаб же жоолук менен, колу-бутун кенен кийим менен жабууну талап кылган мыйзамды бузду деген айып менен өткөн аптада Ирандын полициясы тарабынан борбордо камакка алынган. Камакка алынгандан үч күндөн кийин Амини каза болгон. Бийликтин айтымында, өлүм жүрөгүнүн согуусу токтоп калгандыктан катталган. Бирок маркумдун жакындары кыздын жүрөгү эч качан оорубаганын айтышууда. Алар жабырлануучу аял полициянын ур-токмогунан каза болгон деп шектенип жатышат.