Хиджабдын айынан каза болгон 22 жаштагы кыз. Ирандагы башаламандыктар 15 күндөн бери уланууда

Иранда туура эмес хиджаб кийгендиги үчүн жергиликтүү полиция тарабынан кармалгандан кийин каза болгон 22 жаштагы Махса Аминин өлүмүнө каршы нааразылык акциялары 15 күндөн бери уланууда.

Күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын кабыл алынышынын аркасында өлкөдө акыркы эки күн салыштырмалуу тынч өттү, бирок кийинчерээк нааразылык акциялары өлкөнүн көптөгөн университеттеринде башталып, бул шаарлардын көчөлөрүндө жаңы тополоңдордун башталышына түрткү болду.

Нааразылык акциялары 1-октябрда түн бир оокумга чейин Ирандын борбору Тегеранда, ошондой эле Сенендеж, Шехре-Корд, Шахиншахр, Эрак, Букан, Баболь, Кередж, Мешхед жана Керманшах шаарларында уланган. Социалдык тармактардагы видеолордо демонстранттар таштанды челектерин өрттөп, жолдорго тосмолорду куруп, көчөлөрдө өрт коюп жатканын көрүүгө болот.

Демонстрация 17-сентябрь күнү бийлик Амини полиция тарабынан камакка алынгандан кийин каза болгонун жарыялагандан кийин башталган. Амини аялдардын чачын хиджаб же жоолук менен, колу-бутун кенен кийим менен жабууну талап кылган мыйзамды бузду деген айып менен өткөн аптада Ирандын полициясы тарабынан борбордо камакка алынган. Камакка алынгандан үч күндөн кийин Амини каза болгон. Бийликтин айтымында, өлүм жүрөгүнүн согуусу токтоп калгандыктан катталган. Бирок маркумдун жакындары кыздын жүрөгү эч качан оорубаганын айтышууда. Алар жабырлануучу аял полициянын ур-токмогунан каза болгон деп шектенип жатышат.