Хиджабдын айынан каза болгон 22 жаштагы кыз. Иранда 9 күнгө уланган башаламандыкта 54 киши каза болду

Иранда 22 жаштагы Аминин өлүмүнөн кийинки нааразылык акциялары тогузунчу күн катары менен уланууда. 

Мамлекеттик телеканал тараткан маалыматтарга караганда, демонстрация учурунда 41 жаран набыт болду. Ошол эле учурда Ирандын адам укуктары уюму 54 киши каза болгонун билдирди. Өлгөндөрдүн көбү Гилан жана Мазандаран провинцияларында катталган.

Укук коргоо органдары нааразылык акцияларын күч колдонуу менен басууга аракет кылууда. Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, жүздөгөн демонстранттар, ошондой эле бир катар активисттер менен журналисттер кармалган. Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму полиция демонстранттарды таратуу үчүн атайылап жана мыйзамсыз ок колдонгонун билдирди.

Демонстрация жума күнү бийлик Амини полиция тарабынан камакка алынгандан кийин каза болгонун жарыялагандан кийин башталган. Амини аялдардын чачын хиджаб же жоолук менен, колу-бутун кенен кийим менен жабууну талап кылган мыйзамды бузду деген айып менен өткөн аптада Ирандын полициясы тарабынан борбордо камакка алынган. Камакка алынгандан үч күндөн кийин Амини каза болгон. Бийликтин айтымында, өлүм жүрөгүнүн согуусу токтоп калгандыктан катталган. Бирок маркумдун жакындары кыздын жүрөгү эч качан оорубаганын айтышууда. Алар жабырлануучу аял полициянын ур-токмогунан каза болгон деп шектенип жатышат.