Хирург адашып кардардын оорубаган көзүнө операция жасап, сокур кылган

Словакияда Братислава университетинин ооруканасынын хирургу пациенттин оорубаган көзүнө операция жасап, сокур кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, хирург кардарынын ооруган көзүнө операция жасап алып салмак, бирок адашып таза көзүн алып салган. Жыйынтыгында пациенттин эки көзү тең көрбөй калган. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен операция жасаган хирург жумуштан кеткен. Ал эми оорукананын жетекчилиги жабыр тарткан адамга жана үй-бүлөсүнө дарыгердин шалаакылыгынан кеткен катачылыкты кабыл алып, түшүнүү үчүн психологиялык жардам сунуштаган.