Бүгүн, 12-январда Хорватияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.
Биринчи турда 49,11% алган учурдагы президент Зоран Миланович фаворит болуп эсептелет. Анын атаандашы Драган Приморац 19,37% алган.
Миланович Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө жана НАТОнун кеңейишине каршы, ал эми Приморац аны орусиячыл позициясы үчүн айыптайт.
Шайлоонун биринчи туру 29-декабрда өткөн эле. Биринчи турда жалпысынан сегиз адам катышкан. Калган алтоо 10% дан ашык добуш алган жок.