Хорватияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат

Бүгүн, 12-январда Хорватияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.

Биринчи турда 49,11% алган учурдагы президент Зоран Миланович фаворит болуп эсептелет. Анын атаандашы Драган Приморац 19,37% алган. Миланович Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө жана НАТОнун кеңейишине каршы, ал эми Приморац аны орусиячыл позициясы үчүн айыптайт.

Шайлоонун биринчи туру 29-декабрда өткөн эле. Биринчи турда жалпысынан сегиз адам катышкан. Калган алтоо 10%дан ашык добуш алган жок.