Идеалдуу мамилени көрсөтүп келген ТикТокер сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектелүүдө

Популярдуу ТикТокер өзүнүн сүйлөшкөн кызын өлтүргөн деп айыпталып жатат. Сүйлөшкөн кызы да блогер болгон. Алар өздөрүнүн идеалдуу мамилеси тууралуу видеолорду жарыялоо менен популярдуулукка ээ болушкан.

Он миллиондогон көрүүлөргө ээ болгон TikTok жылдыздары Матеус Йоханнес менен Клаудия Камбанза карьерасын Намибияда башташкан. Алар сүйүү баянын акчага айландырышып, акча таап баштаганда Англияга көчүп кетишкен. Эми Йоханнес Клаудияны бычактап өлтүргөн деп айыпталууда.

Кыз 27-январда Халл шаарындагы көчөлөрдүн биринде бычакталган абалда табылган. Ал ооруканада каза болгон. Анын сүйлөшкөн жигитине адам өлтүрүү жана коомдук жайда курал алып жүргөн деген айып тагылган. ТикТокерлердин ортосунда так эмне болгону белгисиз, бирок чатакташуу учурунда «идеалдуу эркек» сүйлөшкөн кызына кол көтөргөн деп маалымдалууда.