Йеменде көгүчкөндү тирүүлөй жеген жаран сынга кабылды (видео)

Йеменде көчөдө элдин көз алдында эркек киши көгүчкөндү тирүүлөй жеп салган. Окуянын видеосу интернетте тарап кеткен.

Анын көгүчкөндү тирүүлөй тытмалап жегени социалдык тармакта талкуу жараткан. Эмне максатта мындай жолго барганы белгисиз. Айрымдар «жаран психологиялык жактан жабыркашы мүмкүн» дешсе, айрымдары «ачкачылыктан жеп жатат» деп түрдүү пикирлерин калтырышкан.