Илимпоздор жакынкы жылдары жок болуп кетиши мүмкүн болгон өлкөлөрдү аташты

иллюстрация

«Гринпис» эл аралык экологиялык уюмунун эксперттери глобалдык жылуулануунун кесепетинен абанын температурасы Цельсий боюнча 1,5 градуска көтөрүлүп, сакталып калса, Тынч океандагы аралдарда жайгашкан айрым мамлекеттерде катастрофа болушу мүмкүн экенин эскертишти.

Илимпоздордун айтымында, Тынч океандагы аралдарда жайгашкан өлкөлөр узак убакыттан бери деңиздин толкунунан, катуу жаандан, кургакчылыктан жабыркап келишет. Ошондой эле сууларда туз көбөйүп кетип, айыл чарбага зыян келтирүүдө. Андан тышкары океандын деңгээли көтөрүлгөндүктөн, көптөгөн аралдар суу алдында калууда. Илимпоздор планетадагы абанын температурасы жогорулаган сайын, ушул сыяктуу катаклизмдер көп болуп турарын белгилешет.

«Болжол менен глобалдык жылуулануунун кесепетинен Тынч океандагы аралдар көбүрөөк жабыркайт. Деңиздердин деңгээли көтөрүлө берет. Мындан улам Кирибати, Вануату жана Соломон аралдарында жашоого мүмкүн болбой калат», — дейт «Гринпис» уюмунун Австралиядагы өкүлү Никола Казуле «Guardian» гезитине.

Жакында эле БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча эксперттери жарыялаган отчетто 2030-жылы Жер планетасындагы абанын температурасы коркунуч жараткан Цельсий боюнча 1,5-2 градуска көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылат.

Орусиянын «РИА Новости» басылмасы жазгандай, илимпоздор бул процесс бүтүндөй дүйнөгө таасир этип, туруксуздукка алып келерин белгилешет. Тактап айтканда узакка созулган жаан, суу ташкыны, кургакчылык сыяктуу кырсыктар байма-бай болуп, деңиздердин деңгээли көтөрүлөт. Ошондуктан адистер 20-30 жылда планетадагы абанын температурасын турукташтыруу үчүн бардык өлкөлөрдү атмосферага парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтууга чакырды. Болбосо адамзат айыл чарба менен саламаттыкты сактоо тармагына эбегейсиз зыян тийгизе турган глобалдык жылууланууну токтото албай калышы мүмкүн.