Илон Масктын уулу жынысын алмаштырып, кызга айланды

Америкалык миллиардер Илон Масктын уулу жынысын, аты-жөнүн да расмий түрдө алмаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Миллиардердин 18 жаштагы уулу Ксавье Маск аты-жөнүн Вивиан Женна Уилсон кылып өзгөрттү. «Каршылык жок болгонуна байланыштуу аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу сураныч канааттандырылды», —  деп билдиришкен судьялар.

Буга чейин америкалык миллиардер, Tesla, SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын уулу Ксавье жынысын өзгөртүү жана атасынын фамилиясынан баш тартуу боюнча сотко кайрылган.