Илон Масктын акциялары «учту». Буга Трамптын кандай тиешеси бар?

LANCASTER, PENNSYLVANIA - OCTOBER 26: SpaceX and Tesla founder Elon Musk speaks during an America PAC town hall on October 26, 2024 in Lancaster, Pennsylvania. Musk has donated more than $75 million to America PAC, which he co-founded with fellow Silicon Valley venture capitalists and tech businessmen to support Republican presidential nominee, former U.S. President Donald Trump. (Photo by Samuel Corum/Getty Images)

Кечээ, 12-декабрда Тесла, SpaceX жана X компанияларынын ээси Илон Масктын байлыгы рекорддук чекке жетти. Форбс журналынын «Реалдуу миллиардерлер» тизмесине ылайык, учурда Масктын дүнүйөсү 430,9 миллиард долларды түзөт.

Ошентип, дүйнөдөгү эң бай адам Илон Масктын жалпы байлыгы 430 миллиард долларга жетти. Масктын артынан миллиардерлердин тизмесинде 243,7 миллиард доллар байлыгы менен Амазондун негиздөөчүсү Жефф Безос жана 220,9 миллиард доллар байлыгы менен Oracle’нин негиздөөчүсү Ларри Эллисон турат.

Америкалык электромобилдерди чыгаруучу Тесланын акциялары кечээ болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жетти. Компаниянын акцияларынын баасы 5,9 пайызга жогорулап,  424,77 долларды түздү. Ушул жылдын башынан бери 70 пайыздан ашык өскөн Тесланын акциялары Маск колдогон республикачыл талапкер Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болгондон кийин сатылды. Президент болуп шайлангандан кийин, ал катарга көтөрүлдү. Трамптын шайлоодогу жеңишинен кийин Илон Масктын акциялары 67 пайыздан ашык өстү.