Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter социалдык тармагын 44 миллиард долларга сатып алды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ишкер өзү Twitter’дин потенциалы чоң экенин билдирди. Ал социалдык тармакты мурдагыдан да жакшыраак кылууну көздөйт. Ал буга чейин Twitter социалдык тармагын сатып алуу максатын коммерциялык кызыкчылык жана кызыктуу инвестицияларды издөө эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча коомдо максималдуу ишенимге ээ болгон жана ар бир адамга сүйлөөгө укук берген коомдук платформа түзүү деп атаган.