Илон Масктын байлыгы бир күндө дээрлик 10 пайызга төмөндөдү

“Bloomberg Billionaires” индексине ылайык, Тесланын башчысы Илон Масктын байлыгы бир күндө дээрлик 10 пайызга төмөндөп, 15,2 миллиард долларга түштү. Анын байлыгы 183 миллиард долларды түздү.

Илон Маск рейтингде экинчи орунга түшүп, быйыл дагы бир жолу дүйнөдөгү эң бай адам болуудан калды. «Amazon» компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос 186 миллиард доллар байлыгы менен байлардын тизмесинин башына чыкты.

Тесланын акциясы 8,6 пайызга түшкөндөн кийин, Масктын байлыгы төмөндөдү. Азыр бир акциянын баасы 710 доллардан бир аз ашык баада сатылып жатат. Акциялардын төмөндөшү 2020-жылдын сентябрь айынан бери автоунаа чыгаруучу компаниянын рекорду болуп калды.

Bloomberg маалымдагандай, Тесланын акциялары Илон Масктын 20-февралда жазган Твиттердеги билдирүүсүнөн улам арзандашы мүмкүн. Анда Маск Bitcoin жана Ethereum криптовалюталарынын наркы «кымбат окшойт» деген. Ишкер бул тууралуу «Тесла Биткойн» компаниясына 1,5 миллиард доллар инвестиция салганын жарыялагандан эки жумадан кийин жазган.