Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

Америкалык миллиардер жана ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск биринчи жолу адам мээсине Neuralink имплантын орнотуу процедурасы өткөнүн айтты. Бул тууралуу ал X (Твиттер) социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

«Операциядан кийин калыбына келип жатат», — деп жазды ал. Масктын айтымында, аппараттын иштеши боюнча алынган биринчи маалыматтар келечектүү жыйынтыктарды көрсөтүүдө.

2023-жылдын сентябрында америкалык бизнесмен Илон Масктын нейротехнологиялык компаниясы Neuralink мээ имплантын имплантациялоо боюнча клиникалык сыноолорго ыктыярчыларды издей баштаган. Neuralink 2016-жылдан бери иштеп келе жатат, анын максаты шал оорусуна кабылган адамдар кайра кыймылдай алышы үчүн мээ жана жүлүн жаракаттарынын кесепеттерин жоюуга жардам бере турган чипти түзүү.