Илон Масктын мурдагы сүйлөшкөн кызы анын студенттик кездеги сүрөттөрүн аукционго койду (сүрөт)

Илон Масктын мурдагы сүйлөшкөн кызы Женнифер Гвинн сүйлөшүп жүргөн учурда тартылган студенттик күндөрдөгү сүрөттөрүн сатууну чечти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Анда миллиардер Пенсильвания университетинин катардагы 1-курсунун студенти болчу. Кыздын айтымында, алар 1 жылдай жолугушуп жүрүшкөн. Бул убакыттын ичинде биргелешкен сүрөттөрдөн тышкары, ал Маск белек кылган кулон, открытка жана 1 долларлык купюрага ээ болгон.

Анын сүрөттөрү лотко коюлуп, интернет желесине тарады. Аукцион 14-сентябрга белгиленген.