Илон Масктын уулу жынысын өзгөртүп, атасынан баш тартарын айтты

Америкалык миллиардер, Tesla, SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын уулу Ксавье жынысын өзгөртүү жана атасынын фамилиясынан баш тартуу боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Мен биологиялык атам менен чогуу жашабайм жана аны менен байланышкым келбейт», — деген 18 жаштагы Ксавье Маск. Ал жынысын өзгөртүп, аты-жөнүн Вивиан Женна Уилсон деп апасынын фамилиясына өткөрмөкчү. Бирок уулу атасынан каржылык жардамдан баш тартабы-жокпу, айтылбайт.

Илон Маск 2000-жылы Жастин Уилсон аттуу жазуучуга үйлөнүп, 8 жылдан кийин ажырашкан. Экөөнүн ортосунда эгиз (Ксавье эгиздин бири), үч эм балдары бар.

Буга чейин Илон Маск трансгендерлердин укугун чектеген мыйзамдарды колдогон республикалык штабдын тарапташы экендигин жазып, коомчулукта талкууга түшкөн.