Индия бортунда Чандраян-3 станциясы бар ракета учурду. Миссиянын максаты — Айга конуу. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Мындан тышкары индиялык окумуштуулар Айдын бетине вездеход кондуруп, айрым эксперименттерди өткөрүүнү каалашат. Кеме Айга бир айдын ичинде жетиши керек. Конуу 24-августка белгиленген.