Индия дүйнөдөгү эң бийик темир жол көпүрөсүн курууда

Индиянны Жамму жана Кашмир штаттарын бириктирген Риаси районундагы Ченаб дарыясы аркылуу дүйнөдөгү эң бийик темир жол көпүрөсүнүн курулушун аяктап жатат, ал Кашмир өрөөнүнө түз байланыш түзө алат. Бул тууралуу жергиликтүү «NDTV» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, дарыянын нугундагы көпүрөнүн бийиктиги 359 метрди түзүп, Париждеги Эйфел мунарасынан 30 метрге бийик болот.

Индиянын темир жол министри Пиюш Гоял көпүрөнүн арка бөлүгүнүн курулуп бүтүшүн тарыхый учур деп атады. «Ченаб көпүрөсүнүн төмөнкү арканын курулушу тарыхый учур болду. Бул инженердик кереметтин жогорку аркасы жакын арада бүтөт. Рельеф жана геологиялык зоналар менен байланышкан олуттуу кыйынчылыктарга жана жашоо коркунучтарына туш болгон инженерлер жана жумушчулар Кашмирди өлкөнүн калган бөлүгү менен байланыштырган дүйнөдөгү эң бийик темир жол көпүрөсүн бүтүрүү үчүн күнү-түнү иштеп жатышат », — деди ал.

Жалпысынан долбоор 174 чакырымга созулган тоннелдерди курууну камтыйт, анын 126 чакырымы бүтүп калган. Ошондой эле бул долбоор бүткүл Индия субконтинентинде жаңы темир жол линиясын куруудагы эң татаал долбоор болуп саналган. Долбоорду алгач 2020-жылы аяктоо пландалган, бирок ишке ашыруу мөөнөтү 2022-жылга чейин узартылган.