Индия Пакистанга жана Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн аймактарына сокку урганын билдирди.
«Индиянын куралдуу күчтөрү Пакистан жана Пакистан басып алган Жамму жана Кашмирдеги «Синдур» операциясын баштады, ал жерден Индияга каршы террордук чабуулдар пландаштырылган», — деп айтылат билдирүүдө.
Индиянын расмий өкүлдөрү ракеталык соккулар согушкерлер менен байланышы бар тогуз бутага тийгенин айтышса, Пакистан бийлиги муну четке кагып, соккулар террористтерге эмес, карапайым калк жашаган аймактарга жасалганын билдирди.
Пакистан Индиянын соккуларынын кесепетинен 8 киши каза болуп, 35и жаракат алганын, экөө дайынсыз жоголгондугун билдирди. Пакистан армиясынын басма сөз катчысы Ахмед Шариф Би-Би-Сиге билдиргендей, каза болгондордун арасында эки бала бар.
Индия тарап Пакистандын армиясы Кашмирден аткылаганын билдирди.