Индия “Sputnik V” вакцинасын өндүрүүгө уруксат сурады

Дүйнөдөгү эң ири вакцина өндүрүүчү Индиянын институту Орусия бийлигинен коронавируска каршы “Sputnik V” вакцинасын өндүрүүгө уруксат сурап арыз ташташкан. Коронавирус вакцинасын чыгарууга уруксат сураганын «РИА Новости» агенттигине Индия өкмөтүндөгү булак билдирген. Ошондой эле компания вакцина боюнча анализ жана изилдөө жүргүзүүгө уруксат сураган.

Буга чейин Орусиянын коронавируска каршы вакцинасынын үч партиясы Индияга жиберилген. Май айында «Dr. Reddy’s» компаниясы Индиянын калкына эмдөө жүргүзүү үчүн «Sputnik V» колдонула баштагандыгын жарыялаган.

Индия коронавируска чалдыккан адамдардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.