Индиянын Ноида шаарында мыйзамсыз курулган эки асман тиреген имарат жардырылды. Бул тууралуу Financial Express жазды.
Видеодо 103 метрлик Supertech эгиз мунаралары кантип жардырылганы тартылган. Жалпысынан кулатуу операциясы 9 секундга созулган. Жардыруу операциясы башталганга чейин аймактан 5 миңдей адам эвакуацияланып, кошуна үйлөр калың пленка менен капталган. Полиция аймакты курчоого алып, бир нече жолду тоскон. Бул имараттардын мыйзамдуулугу боюнча соттук териштирүүлөр 9 жылга созулган. Жыйынтыгында курулушчулар асман тиреген имараттардын ортосундагы аралыктын нормаларын бузганы белгилүү болду. 2021-жылдын августунда Индиянын Жогорку Соту имаратты бузууну буйруган.