Индияда 103 метрлик асман тиреген эки имарат жардырылды (видео)

Индиянын Ноида шаарында мыйзамсыз курулган эки асман тиреген имарат жардырылды. Бул тууралуу Financial Express жазды.

Видеодо 103 метрлик Supertech эгиз мунаралары кантип жардырылганы тартылган. Жалпысынан кулатуу операциясы 9 секундга созулган. Жардыруу операциясы башталганга чейин аймактан 5 миңдей адам эвакуацияланып, кошуна үйлөр калың пленка менен капталган. Полиция аймакты курчоого алып, бир нече жолду тоскон. Бул имараттардын мыйзамдуулугу боюнча соттук териштирүүлөр 9 жылга созулган. Жыйынтыгында курулушчулар асман тиреген имараттардын ортосундагы аралыктын нормаларын бузганы белгилүү болду. 2021-жылдын августунда Индиянын Жогорку Соту имаратты бузууну буйруган.