Индияда 140 жыл мурда салынган көпүрө кулап, 141 адам каза болду (сүрөт)

Индиянын батышындагы Гуджарат штатында жөө адамдар өтүүчү көпүрө кулап, кеминде 141 адам каза болду. 177 адам куткарылды. Издөө иштери уланууда.

Морби шаарынын жанындагы Мачху плотинасындагы көпүрө мындан 140 жыл мурун курулган. Ал эки жыл бою оңдоого жабылган. Көпүрө 26-октябрда ачылып, 30-октябрда кулаган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, кырсык болгон учурда анын үстүндө 500дөн ашуун адам болгон.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди кыйроого өкмөт жооптуу экенин билдирди. Каза болгондордун жакындарына ар бирине 2 миллион рупий, ал эми жаракат алгандарга 50 миң рупий берилет.