Индияда 15 метрлик аттракцион түшүп кетип, кеминде 16 адам жаракат алды (видео)

Индиянын Мохали штатында (Пенжаб) аттракциондо кырсык болду. Айлануучу аттракцион 15 метрдей бийиктиктен кулап түшкөн.

Маалыматтарга караганда, аттракциондо жалпысынан 50дөй адам болгон, 16га жакын адам жабыркаган. Жабырлануучулар ооруканага жаткырылды, анын ичинде үч бала бар. «Техникалык көйгөй бар окшойт. Биз буга чейин да бир нече фестивалдарды уюштурганбыз, бирок мындай болгон эмес», — деди уюштуруучу.