Индияда 4 кол, 4 буттуу «жөргөмүш кыз» жашайт

Индиянын Бихар штатында «жөргөмүш кыз» жашайт. Анын 4 колу, 4 буту бар.

Маалыматка ылайык, Индиянын тургуну Ушу Деви өзгөчө кызды жарыкка алып келгенде көпкө чейин ишене алган эмес. Төрөлгөндө кызынын 2 колу менен бутунан тышкары курсагынан чыккан дагы 2 колу, 2 буту бар эле. Учурда «жөргөмүш кыз» аталган кызы 2 жарым жашта. Анын кошумча колу-буту ишке жарабай, кыз үчүн ыңгайсыздыкты жаратып келет. Карапайым турмушта жашагандыктан апасы кызын операция жасоого арналган атайын эсеп ачып койгон. Девинин буга чейинки уулу да майып болуп төрөлгөнү айтылат.