Индияда 92 жаштагы картаң аял биринчи жолу мектепке барды

Индияда 92 жаштагы картаң аял биринчи жолу мектепке барды. Ал өмүр бою билим алууну кыялданып, окуу жана жазууну үйрөнгүсү келгенин индиялык басылмалар жазышты.

1931-жылы туулган Салима Хан 14 жашында турмушка чыккан. Ал жашаган айылда мектеп болгон эмес. Картаң аялга билим алуу боюнча кеңешти сабаттуулукту жогорулатуу боюнча мамлекеттик программанын ыктыярчылары беришкен. Ал алты ай бою өзүнөн 80 жашка кичүүлөр менен сабакка барган. Мектептин директору оболу мугалимдер аны окутууга дилгир болбогонун, бирок анын каалоосу мугалимдердин мамилесин өзгөрткөнүн билдирген. Салима Хандын сабакка баруусу айылындагы дагы 25 картаң аялды билим алууга дем берген.

Индияда калктын 25 пайызынан ашууну баштапкы билимге ээ эмес.